Чет элдик компаниялар эсеп ачуу үчүн 200 миң сом төлөөгө милдеттүү болушат
Кыргызстанда жергиликтүү коммерциялык банктарда эсептерди ачууну жана тейлөөнү каалаган чет элдик компанияларды аккредитациялоо үчүн 200 миң сом өлчөмүндө жыйынтыктоочу жыйымды белгилөө сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документ 2026-жылдын 6-августунда кабыл алынган Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан.
Долбоорго ылайык, Кыргызстандын резиденти болуп саналбаган юридикалык жактар банктык эсептерди ачууга жана тейлөөгө уруксат алуу үчүн аккредитация процедурасынан өтүп, белгиленген жыйымды төлөшү керек болот.
Процедураны администрлөө Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемесине тапшыруу сунушталууда.
Анын милдеттерине арыздарды кабыл алуу жана кароо, документтерди текшерүү, аккредитациядан өткөн чет элдик компаниялардын реестрин жүргүзүү, ошондой эле Улуттук банк, коммерциялык банктар жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү кирет.
Экономика министрлиги бул демилгени Кыргызстандын банк системасын колдонууга кызыкдар болгон чет элдик юридикалык жактар үчүн ачык-айкын жана бирдиктүү эрежелерди түзүү зарылдыгы менен түшүндүрөт.
Мындан тышкары, жаңы тартип кылмыштуу кирешелерди адалдоо, терроризмди каржылоо, эл аралык санкцияларды бузуу жана банктык талаптарды сактабоо тобокелдиктерин азайтууга багытталган.
Негиздеме-маалымкатта эл аралык сооданын жана инвестициялык кызматташуунун кеңейишинин фонунда чет элдик компаниялардын Кыргызстанда эсеп ачууга болгон кызыгуусу өсүп жатканы белгиленет.
Ошол эле учурда иштеп чыгуучулар токтомдун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт деп эсептешет.