USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыргызстан боюнча 61,8 миң гектарга күздүк дан эгиндери себилди

13:27, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерин себүү иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген 200 миң гектар аянттын 61 миң 825 гектарына үрөн себилип, план 30,9 пайызга аткарылды. Анын ичинен күздүк буудай 59 миң 520 гектар аянтка, ал эми күздүк арпа 2 миң 323 гектар аянтка себилди.

Себилген аянттардын ичинен күздүк буудайдын 51 миң 620 гектары жана күздүк арпанын 2 миң 293 гектары сугат жерлерге туура келет.

Ал эми буудайдын 7 миң 600 гектары, арпанын 30 гектары кайрак жерлерге себилди.

Белгилей кетсек, күздүк дан эгиндерин өз убагында себүү келерки жылдын түшүмүн камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18