USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 2026–2027-жылдары бааны турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынат

11:20, 06 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети баалардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшүн турукташтыруу боюнча 2026–2027-жылдарга карата иш-чаралардын планын бекитти. Аны ишке ашыруу үчүн 36,6 миллиард сом талап кылынарын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 18-сентябрдагы тескемеси менен бекитилген план 57 иш-чараны камтыйт. Анын 32си айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына тиешелүү болуп, бул багытка 29,4 млрд сом каралган.

Алар алты багыт боюнча бөлүштүрүлгөн:

  • мал чарбачылыгын өнүктүрүү — 11 иш-чара;
  • өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүү — 4;
  • сактоо жана логистиканы өнүктүрүү — 4;
  • кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү — 6;
  • ички рынокту камсыздоо жана бааларды жөнгө салуу — 4;
  • укуктук жана уюштуруу чаралары — 3.

Пландын негизги максаты — ички рынокто товарлардын көлөмүн көбөйтүү, өндүрүш чыгымдарын азайтуу жана импортко көз карандылыкты төмөндөтүү.

Белгиленгендей, 2026-жылдын июль айында керектөө баалары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7 пайызга, ал эми январь–июль айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга өскөн.

Баалардын өсүшүнө тышкы рыноктогу өзгөрүүлөр, логистикалык чыгымдар, импортко көз карандылык жана өндүрүштүн сезондук өзгөчөлүктөрү таасир этүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18