USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Орусияны диалогго чакырды. Болгариядагы шайлоодо учурдагы президент алдыда 

09:11, 02 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Болгарияда кечээ президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Добуштардын 100 пайызы саналып бүткөндөн кийин, мамлекеттин учурдагы башчысы Илияна Йотова жана вице-президенттикке талапкер Кирил Вылчев 58,2 пайыз добуш менен алдыда турат.

Болгариянын учурдагы президентинин атаандашы, мурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Андрей Гюров жеңилгенин мойнуна алды. Анын пайдасына болгарлардын 38,6 пайызы добуш берди.

хоп.png

Президенттик шайлоонун экинчи туру жекшемби күнү Болгарияда өтүп, өлкө жарандары биринчи турда эң көп добуш алган эки талапкердин бирин тандашты.

Буга чейин Илияна Йотова Евробиримдик өлкөлөрүн Орусия менен байланыш каналдарын ачууга чакырган. Nova TV телеканалына берген маегинде ал европалык мамлекеттер «президент Путинге чалышы» керектигин билдирип, Болгария Украинадагы чарча-чаалыгууну жөнгө салууга дипломатиялык канал катары катыша аларын кошумчалаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18