Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алма импортуна убактылуу тыюу салуу тууралуу токтомго кол койду. Бул чара ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоого жана быйылкы өстүрүлгөн алма түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүүгө багытталган.
Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ички рынокту жөнгө салууну камсыз кылууга жана Кыргызстандын багбанчылык тармагынын өндүрүштүк потенциалын сактап калууну көздөйт.
Кыргыз Республикасында түшүм берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Божомолдор боюнча, 2026-жылы алма түшүмү 179 миң 393 тоннага жетет. Түшүмдү өз убагында сатуу фермерлерге өндүрүштүк чыгымдарды жабууга, бактарга кам көрүүнү камсыз кылууга жана кийинки айыл чарба сезонуна даярданууга мүмкүндүк берет.
Расмий маалыматтар боюнча, 2026-жылдын январь — август айларында Кыргызстанга 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон.
Бул бүткүл 2025-жылдагы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсеге көп. Импорттолгон алманын негизги бөлүгү Польша Республикасынан — 3 миң 554,1 тонна, Кытай Эл Республикасынан — 1 миң 696,8 тонна жана Өзбекстан Республикасынан — 859,7 тонна келген.
Ошол эле учурда аталган мезгилде алма экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 миң 658,11 тоннага же 13,3 пайызга аз. Экспорттун төмөндөшү жана түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукциянын көлөмүнүн көбөйүшү ата мекендик өндүрүүчүлөргө алманы сатууда кошумча кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Токтомго ылайык, алма импортуна убактылуу тыюу салуу 2027-жылдын 1-февралына чейин күчүндө болот. Бул чара 2026-жылдагы ата мекендик түшүмдү күз-кыш мезгилинде, анын ичинде 2027-жылдын январында сатууга шарт түзүүгө, жергиликтүү багбанчылык чарбаларынын кызыкчылыктарын коргоого жана сатылбай калган продукциянын чогулуп калуу тобокелдигин азайтууга багытталган.