Нижегород облусу Кыргызстанда өнөр жай аянтчасын түзүүнү пландаштырууда
Россиянын Нижегород облусу «Кулибин» өзгөчө экономикалык зонасынын үлгүсүндө Кыргызстанда өнөр жай аянтчасын түзүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу аймактын губернатору Глеб Никитин биринчи Нижегород экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, облус продукцияны чет өлкөлүк базарларга чыгарууну жеңилдетүү үчүн өз өндүрүшүнүн бир бөлүгүн чет өлкөлөрдө жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Регион ошондой эле технологиялар менен бөлүшүүгө жана жогорку технологиялык тармактар үчүн адистерди даярдоону өнүктүрүүгө даяр.
Мындай кызматташтыктын мисалы катары Глеб Никитин Кыргызстанды атады. Учурда өлкөдө «Кулибин» өзгөчө экономикалык зонасынын модели боюнча аянтча түзүү иштеп чыгуу баскычында турат.
Белгилей кетсек, «Кулибин» өзгөчө экономикалык зонасы Нижегород облусунун Дзержинск шаарында жайгашкан жана 2020-жылдан бери иштейт. Бул салыктык жеңилдиктер берилүүчү өнөр жай ишканалары үчүн аймак болуп саналат. Түшүндүрө кетсек, резидентер үчүн пайда салыгынын ставкасы төмөндөтүлгөн, ал эми мүлк, жер жана транспорт салыктары боюнча нөлдүк ставкалар каралган.
Кошумчалай кетсек, август айында VIII Россий-Кыргыз экономикалык форумунун алкагында Нижегород облусу Кыргызстандын Президентинин Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койгон, ал эми Бишкек менен Нижний Новгород боордош шаарлар болушкан.