МинКаб эмки жылы жашылча сактоочу 100 база курууну көздөп жатат
Министрлер кабинети 2027-жылы жашылча сактоочу 100 база куруу ниетинде. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков бүгүн Жогорку Кеңешттин жыйынында билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, сезон учурунда каалаган продукция арзандайт.
«Ошондуктан продукцияны сактай билиш керек, ал эми бир нече ай күтүп туруп, кирешелүү баада сатуу маанилүү. Бул фермерлер үчүн да, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн да жакшы.
Андыктан 2027-жылы республика боюнча ушундай 100 жашылча сактоочу жай курууну көздөп жатабыз. Бүгүн биз ар бир апта сайын жаңы ишканаларды ишке киргизип жатабыз. Ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү маселелерин да дароо чечсе жакшы болмок», — деп кошумчалады Эрлист Акунбеков.