USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Миграция кызматынын экс-башчысы Бакытбек Адылов президенттикке талапкер болду

15:06, 11 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик миграция кызматынын мурдагы төрагасы Бакытбек Адылов 11-ноябрда БШКга Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз берди. Бул тууралуу комиссиядан билдиришти.

Ал шайлоого өзүн өзү көрсөтүү тартибинде катышууну көздөөдө.

ооооооооооооооооооооооооооооооооооооооооо.png

Бакытбек Адылов 44 жашта. 2011–2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри кызматын аркалаган, 2015–2016-жылдары Мамлекеттик миграция кызматын жетектеген.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен талапкерлигин койгон.

Эске салсак, президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү ушул жылдын 13-ноябрына чейин уланат. Шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин жети адам билдирген: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Калмаматов жана азыркы президент Садыр Жапаров.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18