Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ошентип, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты БШКга арыз менен кайрылган мамлекет башчылыгы кызмат ордуна бешинчи талапкер болуп калды. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт.

Исхак Масалиев 1960-жылы Ош шаарында туулган. Кесиби боюнча тарыхчы жана юрист. Ар кайсы жылдары бир нече чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты жана Кыргызстандагы коммунисттик кыймылдын эң таанымал өкүлдөрүнүн бири болгон. 2017-жылдагы президенттик өнөктөштүктө анын талапкерлигин Кыргызстан Коммунисттер партиясы көрсөткөн.
Өз талапкерлигин көрсөткөндөр арасынан биринчи болуп ишкер Аймен Касенов болду. Ошондой эле БШКга арыздарын Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кыдыров беришкен.