USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү тууралуу БШКга арыз берди

16:37, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышууну көздөп жатат.

ррррррррррррррррррррррррррррр.png

10-ноябрга карата комиссияга президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү боюнча алты арыз түштү. Буга чейин шайлоого катышуу ниетин Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров жана Исхак Масалиев билдиришкен.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин созулат. Шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18