Кыргызстанда 18-ноябрда шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Жарандар шайлоочулардын тизмесинен өздөрүнүн маалыматтарын текшерип, биометрикалык идентификациядан өтүп жана добуш берүү процедурасы менен тааныша алышат.
Тестирлөө үчүн өлкө боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси ачык болот.
Кыргызстандыктар шайлоо тилкелерине келип, тизмеде өздөрүнүн маалыматтары бар экенин текшерип жана идентификациялоо процедурасынан өтө алышат. Мындан тышкары, каалоочулар тесттик режимде добуш берип көрсө болот.
Иш-чара алдыдагы шайлоонун алдында шайлоо инфраструктурасынын даярдыгын текшерүү жана жарандарды добуш берүү тартиби менен тааныштыруу максатында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, кеп чыныгы добуш берүү эмес, техникалык тестирлөө жөнүндө болуп жатат. Анын жыйынтыктары шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда эске алынбайт.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине 4 миллион 467 миң 40 жаран кирген. Өз маалыматтарыңызды tizme.gov.kg порталынан да текшерсеңиз болот.