Президенттик шайлоо: Сыймык Жапыкеев өз талапкерлигин көрсөттү
Сыймык Жапыкеев БШКга президенттик кызматка өз талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ошондой эле, талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу 12-ноябрь саат 00:00дө аяктай турганын эскертишти.

Эскерте кетсек, буга чейин Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан керектүү упай топтой албай калган. Кийинчерээк ал сынакты кайра тапшыруу укугунан пайдаланган.
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген үчүнчү жаран болуп калды. Ага чейин Аймен Касенов менен Азамат Эсенбеков өз талапкерликтерин көрсөтүшкөн.
Эске салсак, Сыймык Жапыкеев — прокуратуранын мурдагы кызматкери жана Кыргызстандын Финансы полициясынын мурдагы башчысы. 2020-жылы «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири болуп, коррупция тууралуу коомдук билдирүүлөрү менен таанылган. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Финполду жетектеп, ал эми 2021-жылдын мартында мекеме жоюлгандан кийин Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Бир айдан кийин отставкага кеткен.