Мелания Трамп Владимир Путинге жана Владимир Зеленскийге жеке каттарын тапшырды
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп кечээ Ак үйдө Олешкиде гуманитардык миссия аяктагандан кийин Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрдү.
Америкалык лидердин жубайы Владимир Путинге жана Владимир Зеленскийге жеке каттарын тапшырды. Каттардын мазмуну ачыкка чыгарыла элек.
Мелания Трамп менен болгон жолугушууга Россия тараптан президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жана адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова катышты. Украинанын атынан омбудсмен Дмитрий Лубинец жана «Слуга народа» парламенттик фракциясынын башчысы Давид Арахамия келген.

Кошмо Штаттардын биринчи айымы операцияны пландаштырууга жеке өзү катышканын, минадан тазалоо карталарын, эвакуациялоо маршруттарын жана медициналык жардам жеткирүү жолдорун изилдеп чыкканын айтты. Ал Москва менен Киевдин биргелешкен иши уланат деген үмүтүн билдирди.
«Бул кыйла масштабдуу тынчтыкты орнотууга негиз болот деп үмүттөнөм. Бул демилгенин жөнөкөйлүгү эмес, аны өзгөчө бир нерсеге айландыруу чечкиндүүлүгү маанилүү», — деп билдирди Мелания Трамп.
Анын айтымында, «биз согуштун ордуна адамгерчиликти тандадык, күнөөсүз адамдардын өмүрү согуштан келип чыккан пикир келишпестиктерден маанилүүрөөк болушу керек».
АКШнын биринчи айымы ошондой эле Орусияжана Украина президенттерине гуманитардык миссияны уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Украин делегациясы Мелания Трампка Владимир Зеленский тарабынан ыйгарылган I даражадагы Ольга княгинясы орденин тапшырды.
Эске салсак, Олешкидеги гуманитардык миссия америкалык лидердин жубайынын демилгеси менен уюштурулган. Россия жана Украина анын көмөгү астында гуманитардык операцияны камсыз кылуу үчүн ок атууну токтотууга макул болушкан.
Бөгөттөлгөн шаарда 2 миңге жакын адам, негизинен кары-картаңдар жана 50гө чукул бала калган. Эки өлкөнүн өкүлдөрү үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын баалап, Орусияга же Украинага кетүүнү каалагандар үчүн транспорт уюштуруп беришти. Олешкиге гуманитардык жардам жеткирилди.
Шаардагы кырдаалды буга чейин АКШ менен Россиянын президенттери талкуулашкан. Владимир Путин бул маселени Рим папасы менен да сүйлөшкөн.
Олешки шаары Херсон облусунда жайгашкан. Киев аны оккупацияланган аймак деп атайт.
Калктуу конушта электр энергиясы, суу, жылуулук жок, тамак-аш жана дары-дармектерди үзгүлтүксүз жеткирүү мүмкүн эмес. Катуу аткылоолордон жана учкучсуз аппараттардын чабуулдарынан улам ал жака кургактык менен кирүү кыйындаган.