Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жогорулады
Быйыл Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйноо көлөмү кыйла көбөйдү. Дыйкандар 2,5 миллион тоннага жакын дан жана 965 миң тонна картошка жыйнап алышты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө күздүк жыйноо өнөктүгү аяктап баратат. Ал эми дан эгиндерин жыйноо боюнча Чүй облусу лидер болуп саналат.
Буудай менен арпанын түшүмүн жыйноо дээрлик аяктап, жүгөрүнүн дүң жыйымы 671 миң тоннадан ашты. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп.
Өлкөдө картошканын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 317 миң тоннага көбөйдү. Жашылчалардын дүң жыйымы 891 миң тоннаны, бахча өсүмдүктөрүнүкү 240 миң тоннаны түздү.
Кант кызылчасын жыйноо уланууда. Айдоо аянттарынын үчтөн бир бөлүгү жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 420 центнерди түздү.
Ал эми түштүк аймактарда пахта жыйноо темпи былтыркыга салыштырмалуу эки эседен ашык өсүп, кампаларга 16 миң тоннадан ашык пахта жеткирилди