USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасынын аянтты 101 гектарга жетти

14:03, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда органикалык айыл чарбасынын аянтты 101 гектарга жетти. Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.

Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик программанын негизги максаты — 2029-жылга чейин органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин аянтын 200 миң гектарга жеткирүү болуп саналат.

Президенттин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жумасынын жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү катары белгиленди.

Мындан тышкары, 2025–2029-жылдарга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасы кабыл алынып, Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда органикалык азыктарды тоскоолдуксуз жүгүртүүгө багытталган бирдиктүү стандарт кабыл алынды. Бул багытта өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын гармонизациялоо боюнча иштер улантылат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциялар 30дан ашык өлкөгө экспорттолот. Органикалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүү механизмдеринин бири — катышуучулук кепилдик системасы (PGS). Бул система чакан фермерлерге органикалык өндүрүшкө жамааттык түрдө өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкма жеке эл аралык сертификацияга салыштырмалуу чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.

Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеке инвестициялардын тартылышы да маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Бүгүн, 6-октябрда, Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 300 гектар аянтта жайгашкан «Талас Органик» агрокомплексинин ачылышы күтүлүүдө. Долбоор эл аралык органикалык сертификатка ээ болгон облустагы алгачкы ири өндүрүштөрдүн бири болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18