Кыргызстандын түштүк аймактарына 10 миң тонна жер семирткич жеткирилет
Кыргызстандын түштүк аймактарына социалдык багыттагы баалар менен 10 миң тонна минералдык жер семирткичтерди жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, пилоттук долбоордун баасы 394,3 миллион сомду түзөт.
Долбоорду «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын координациялык кеңеши Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өткөн кезектеги жыйынында жактырды.
Бул демилге ата мекендик фермерлерди колдоого жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн чарба жүргүзүү үчүн зарыл болгон ресурстар менен камсыз кылууга багытталган.
Жыйында ошондой эле мал чарбачылыгын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча долбоорлор каралды.
Эске салсак, буга чейин парламентте өлкөдө минералдык жер семирткичтердин жетишсиздиги жана аларды чыгаруучу завод куруу зарылдыгы тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн.