Кыргызстанга картошканы алып кирүүгө алты айга тыюу салынды
Кыргызстандын Министрлер кабинети республиканын аймагына картошканы алып кирүүгө алты айга тыюу салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ ата мекендик картошка өндүрүүнү стимулдаштыруу жана ички рынокту өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Ошол эле учурда бир катар өзгөчө учурлар каралган. Чектөөлөр жөнөтүлгөн күнүн жана багытын тастыктаган документтери бар болгон шартта Кыргызстан аймагы аркылуу өтүүчү транзиттик жүктөргө, ошондой эле токтом күчүнө киргенге чейин өлкөнүн дарегине жөнөтүлгөн картошка партияларына тиешелүү болбойт.
Мындан тышкары, илимий изилдөөлөр, сыноолор жана башка атайын иш-чаралар үчүн картошка алып кирүүгө уруксат берилген.
Экономика жана коммерция министрлигине тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды.
Мамлекеттик бажы кызматына, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана Мамлекеттик чек ара кызматына республикага картошканы мыйзамсыз алып кирүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.
Ошол эле учурда мурда картошканы импорттоого убактылуу тыюу салган министрлер кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 696 токтому күчүн жоготту деп табылды.
Алты айлык тыюу салуу үч күндөн кийин күчүнө кирет.