Кыргызстандын экономикасы быйылкы январь — октябрь айларында 10,5 пайызга өстү
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылдын январь — октябрь айларында 10,5 пайызга өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Дүйшөмбү шаарында өткөн III Эл аралык тоо-кен металлургия форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы өсүш 11,1 пайызды түзсө, үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 10,5 пайыз болду. Ал КРда өнөр жай өндүрүшү 5,3 пайызга, ал эми тоо-кен казуу тармагы 7,5 пайызга көбөйгөнүн кошумчалады.
Бакыт Сыдыков ошондой эле экономикалык өсүштүн жогорку темпи өнөр жай продукциясына кошумча суроо-талапты жаратарын, ал ички өндүрүштү өнүктүрүүнүн жана аймактык өнөр жай кооперациясынын эсебинен канааттандырылышы мүмкүн экенин белгиледи.
Ошол эле учурда, анын баамында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай ишканаларынын өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы деңгээли колдо бар потенциалга азырынча туура келбейт. Ал өнөр жай кооперациясын тереңдетүү аймактагы ишканаларга өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана эл аралык рынокторго чыгууга шарт түзөрүн баса белгиледи.