USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда КРВИ бир жумада дээрлик 7 пайызга көбөйдү

15:11, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир жумада, тагыраак айтканда 24-октябрдан 31-октябрга чейин КРВИ жана сасык тумоонун 10 миң 432 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1,5 эсеге өскөн.

Ооругандардын жалпы санынын 68,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Бул 7,1 миң учурга туура келет.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында өлкөдө респиратордук вирустардын бир нече түрү таралып жатканы аныкталган. Алардын ичинен риновирус 47,6 пайызды, парагрипп вирустары 21,5 пайызды, аденовирус 13,8 пайызды, сезондук коронавирустар 10,2 пайызды, бокавирус 6,1 пайызды жана респиратордук-синцитиалдык вирус 0,8 пайызды түзгөн.

Учурда республика боюнча сасык тумоого каршы эмдөө иштери уланууда.

Дарыгерлер калкты алдын алуу чараларын көрүүгө чакырат:

  • колду самындап бат-бат жууп туруу;
  • имараттын ичин шамалдатуу жана нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз менен мурунду жабуу;
  • адамдар көп чогулган жерлерде, өзгөчө респиратордук инфекциянын белгилери бар болсо, медициналык беткаптарды кийүү;
  • организмдин үшүп калуусунан сактануу;
  • оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калуу жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
  • КРВИ белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектептерге жана бала бакчаларга жибербөө;
  • эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүктү колдоо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18