Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, бул оору менен катталган бейтаптардын саны 92,2 миңге жеткенин «Биринчи радио» эфиринде дарыгер-эндокринолог Полина Лучкина билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын аягында алардын саны болжол менен 90 миң адамды түзгөн.
Расмий статистика дарыгерге кайрылып, диагнозу коюлган адамдарды гана эске алгандыктан, оорунун реалдуу масштабы мындан да жогору болушу мүмкүн экени белгиленди.
Кыргызстандыктардын көбү кант диабетинин экинчи түрү менен оорушат. Алардын саны болжол менен 88 миң адамга жетет.
Кант диабетинин биринчи түрү менен болжол менен 2,5 миң бейтап катталган. 1 миңге чукул учур гестациялык диабет катары аныкталган (кош бойлуулук учурунда гормоналдык дисбаланстан улам аялдарда өрчүй турган кант диабетинин өзгөчө формасы).