USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Өлкөдө бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 11 миңден ашык учуру катталды

15:33, 18 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 9-ноябрдан 15-ноябрга чейинки бир жума аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоонун 11 миң 439 учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мурунку жумага салыштырмалуу оорулардын саны 5 пайызга өскөн.

Ооругандардын 67,9 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7,7 миң учур).

Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында оорулуулардын көрсөткүчү республикалык орточо деңгээлден жогору болууда.

Лабораториялык мониторингдин маалыматтарына караганда, республикада респиратордук вирустар айланып жүрөт. Аныкталган козгогучтардын ичинен риновирустар — 47,6 пайыз, парагрипп вирустары — 21,5 пайыз, аденовирустар — 13,8 пайыз, сезондук коронавирустар — 10,2 пайыз жана башкалар басымдуулук кылат.

А (H1N1) сасык тумоосу жана COVID-19 катталууда.

Дарыгерлер калкка алдын алуу чараларын сактоону сунушташат:

  • колду самындап тез-тез жуу;
  • бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • эл көп чогулган жерлерде, айрыкча респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык бет кап тагынуу;
  • организмди үшүп калуудан сактоо;
  • оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калуу жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
  • КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектептерге жана бала бакчаларга жибербөө;
  • эмгек жана эс алуу режимин сактоо, толук кандуу тамактануу жана физикалык активдүүлүктү колдоо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18