Эмки жылы боор алмаштырууга 40 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт
Кыргызстанда бөйрөк, боор жана жилик чучугун алмаштыруу операциялары акысыз болот. Бул тууралуу журналисттерге саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, трансплантация акысыз жүргүзүлүшү керек.
Бөйрөк алмаштыруу операциялары 2024-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча мамлекеттик бюджеттин эсебинен жасалып келет.
«Биз гемодиализ программасынын алкагында каралган бюджетти карап жатабыз. Келерки жылы практикалык даярдыктан өткөндөр үчүн боор алмаштырууга 40 миллион сомдон ашык каражат бөлүүнү пландап жатабыз. Каражаттар Жогорку технологиялар фондунун эсебинен болот. Буга чейин төрт боор алмаштыруу операциясы акысыз жасалды, жыл аягына чейин дагы экөөнү жасоо пландалууда», — деди Нурбек Букуев.
Анын сөзүнө караганда, жилик чучугун алгачкы алмаштыруу операциясы 2025-жылы жасалган. УчурдаЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөлүм жана операциялык блок модернизацияланган. Келерки жылы балдардын жилик чучугун алмаштыруу пландалууда, бирок азырынча так эсептөөлөр жок жана канча каражат бөлүнөрү белгисиз.
Министрдин орун басары ошондой эле органдары алмаштырылган бейтаптар үчүн иммуносупрессорлорго жетиштүү акча бөлүнүп жатканын жана дээрлик бардык бейтаптар дары-дармектерди толук көлөмдө алып жатканын белгиледи.
Букуевдин айтымында, өлкөдө трансплантациядан кийин бейтаптарды көзөмөлдөй ала турган окутулган гепатологдор жана нефрологдор бар.
«Бирок жарандар негизинен чет элдик дарыгерлерге ишенип, алардын сунуштарын аткарышат. Чынында биздин дарыгерлер эч кем калышпайт жана квалификациясы боюнча артта эмес. Өткөн жылы гепатологиялык борбордун курулушуна капсула салынган. Ачылышы 2028-жылга пландаштырылган», — деп кошумчалады министрдин орун басары.