USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Сасык тумоо: Кыргызстандыктарга массалык жайларга баруудан баш тартуу сунушталды

10:05, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекцияларынын (КРВИ) көбөйө баштаганына байланыштуу массалык иш-чараларга катышууну чектөө, колду тез-тез жуу жана адамдар көп чогулган жерлерде беткап колдонуу зарыл. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде № 4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Талайгүл Ташпаева эскертти.

Анын айтымында, КРВИнин биринчи белгилери байкалганда чоңдор да үйдөн чыкпай отуруп, дарыгерге кайрылышы керек.

Ал иштеген жарандарга тумоонун биринчи белгилери билингенде эле жумушка чыкпай, ооруканага кайрылып, башкаларды жуктурбоо үчүн оорулуу баракчасын ачууну сунуштады.

Талайгүл Ташпаева респиратордук инфекциялар байланыш, булганган колдор аркылуу жугарын кошумчалады. Ошондуктан кол гигиенасын сактоо, бөлмөлөрдү желдетүү жана дайыма нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Алдын алуу максатында адистер массалык иш-чараларга, өзгөчө жабык жайларга барууну чектөөнү, ооругандар менен жакын баарлашуудан качууну, колду тез-тез жууну, оорулуу баракчасын алууну, коомдук транспортту азыраак колдонууга аракет кылууну, марлядан жасалган беткап тагынууну, жумуш ордун таза кармап, антисептик менен сүртүп турууну сунушташат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сасык тумоого каршы эмдөөлөр бар, алар тобокел тобундагы адамдарга, анын ичинде астма, өпкөнүн өнөкөт оорулары бар бейтаптарга, кант диабети менен ооругандарга акысыз жасалат. Калгандары үчүн вакцина акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18