USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте эки ири дарыкана мөөр басылып жабылды

11:44, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте эки ири дарыкана мөөр басылып, алардын жабылганына бир жумага чукулдап калды. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазышууда.

Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаменти «24.kg» агенттигине бул маалыматты ырастады. Ведомствонун маалыматы боюнча, сөз Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук дарыкана жана Токтогул көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги «Адмирал» дарыканасы жөнүндө болуп жатат.

«Дарыканаларды Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгы кылмыш ишинин алкагында мөөр басып жапкан. Кандай кылмыш иши экендиги бизге белгисиз», — деп белгилешти департаменттен.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы расмий маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18