Кыргызстан он Airbus учагын сатып алууну көздөп жатат
Кыргызстан он Airbus учагын сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу «Биринчи радио» эфиринде Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында, ошондой эле Boeing лайнерлерин сатып алуу маселеси да талкууланууда.
Ага чейин Бишкекте Airbus концернинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөнү эскертилди.
Кыргызстандык аткаминерлер Boeing менеджменти менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуунун келечегин жана аба кемелерин сатып алууну талкуулашкан.
Данияр Бостонов КР авиапаркы үчүн жаңы бортторду сатып алуу боюнча келишимдер азырынча жок экенин, ошондой эле жеткирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү белгилене электигин көрсөттү.
Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстан Airbus жана Boeing сыяктуу учактардан турган авиапаркты калыптандырууну көздөйт.