USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

КРВИ мезгили. Кыргызстанда жаңы вирустар барбы? Дарыгерлердин жообу

11:50, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жаңы курч респиратордук вирустук инфекциялар жок. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, акыркы учурда социалдык тармактарда колдонуучулардан ден соолугунун абалына даттанган билдирүүлөр пайда болгон. Алар дене табы көтөрүлбөгөнү менен, тамагы катуу ооруп жана мурду агып, алы кетип жатканын жазышууда. Дене табы жок болгондуктан, кыргызстандыктардын айтымында, аларга эмгекке жарамсыздык баракчасы берилбей жатат.

Адистер азыркы тапта бейтаптардын арасынан өлкөдө жыл сайын күзгө-кышка карата жайылган вирустар гана аныкталып жатканын баса белгилешти.

«Кээ бир вирустук инфекциялар тамак оорудан, айрымдары мурундун бүтүшүнөн башталат. Учурда өлкөдө вирустун эч кандай жаңы түрү жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Көп жылдык маалыматтардын негизинде оорунун өсүшү ноябрь айынын ортосуна барып күтүлүүдө», — деп белгилешти департаменттен.

Жер-жерлерде мектептерге жана бала бакчаларга балдардын катышуусу боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Окуучулардын 25-30 пайызы жок болгон учурда, окуу процесси онлайн-форматка өткөрүлөт. Чечимди аймактык билим берүү бөлүмдөрү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы менен биргеликте кабыл алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18