Кыргызстанда гамма-бычагы менен жасалуучу операциялар чет өлкөгө караганда арзан
Кыргызстанга келген гамма-бычактын жардамы менен жасалуучу операциялар чет өлкөгө караганда арзаныраак болот. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунну орун басары Кеңешбек Ырысов билдирди.
Гамма-бычак № 8 клиникага орнотулду
Ал баш мээнин айрым шишиктерин хирургиялык кийлигишүүсүз дарылоочу жогорку технологиялык жабдуу Улуттук онкология жана гематология борборунун базасындагы № 8 клиникага орнотулганын белгиледи.
Радиациялык коопсуздук талаптарын эске алуу менен аны орнотуу үчүн өзүнчө имарат бөлүнүп берилген. Жабдууну ишке киргизүүгө Швециядан келген адистер жардам беришет.
Кеңешбек Ырысовдун айтымында, гамма-бычак баш мээнин айрым шишиктерин жана айрым кан тамыр патологияларын дарылоо үчүн колдонулат.
Буга чейин КММАнын ректору Индира Орозбаева гамма-бычактын жардамы менен дарылоонун баасы азырынча аныктала электигин белгилеген.
Проректор Казакстанда бул процедура 5 миң доллардан ашык, Россияда — кеминде 10 миң доллар, ал эми Турцияда — болжол менен 15 миң доллар тураарын айтып берди.
Кыргызстандагы дарылоо арзаныраак болот, — деп белгиледи ал.