Кыргызстанда 90 миңден ашык адам кант диабети менен ооруйт
Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 90 миңден ашык адам расмий каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн өткөн брифингде Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова билдирди.
Анын айтымында, алардын болжол менен 10-12 пайызы I типтеги, калгандары II типтеги диабет менен оорушат. Каттоодо тургандардын он пайызын балдар түзөт.
«Калктын бир бөлүгү өзүнүн диагнозу тууралуу билет, бирок медициналык жардамга кайрылуудан коркот же жөн эле кайрылбайт. Ошондой эле өзүнүн оорусу бар экенин билбеген жана дарыланбаган адамдар да бар. Ошондуктан иш жүзүндө бейтаптардын саны 90 миңден көп болушу мүмкүн», — деди Айсулуу Стамкулова.
Кант диабети кандагы глюкозанын деңгээлинин жогорулашы менен мүнөздөлөт жана ооздун кургашы, узакка созулган чаңкоо, бат-бат заңдоо/заара кылуу, салмактын азайышы же көбөйүшү, көрүүнүн начарлашы, буттарда жана колдордой сайгылашуу, ачышуу же кумурска жөрмөлөгөндөй сезимдер сыяктуу белгилер менен коштолот. Улуураак курактагы адамдарда теринин кычышуусу пайда болушу мүмкүн.
II типтеги кант диабетинде белгилер анча айкын билинбеши, көбүнчө жашыруун өтүшү же таптакыр болбошу мүмкүн. Ошондуктан өз убагында алдын ала медициналык кароодон өтүп туруу абдан маанилүү.