Нарында облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылды
Нарын шаарында «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен курулган Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты салтанаттуу ачылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекеменин жалпы аянты 1 420 чарчы метрди түзөт. Имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратында үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана хирург, кардиолог, эндокринолог, офтальмолог, педиатр, онколог, психиатр жана кулак-мурун-тамак оорулары боюнча дарыгердин кабинеттерин камтыган адистештирилген бөлмөлөр каралган. Ошондой эле рентген-диагностика, УЗИ, ЭКГ жана ЭхоКГ кабинеттери, кан алуу бөлмөсү жана күндүзгү стационар бар. Мындан тышкары, эне жана бала кабинети, стерилдөө бөлмөлөрү жана башка зарыл кызматтык жайлар жабдылган.