Казакстанда Коргоо министрлигиндеги текшерүүдөн кийин 13 кылмыш иши козголду
Казакстандын Коргоо министрлигинин уюмдарынын жана бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик мүлктү уурдоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзам бузуулар боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 13 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акорда билдирет.
Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, Мангистау облусундагы кайгылуу окуялар Куралдуу күчтөрдө чогулуп калган системалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары аскердик иш-чараларды пландаштыруудагы олуттуу катачылыктарды жана мурдагы жетекчилик тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугун айгинелейт.

Мангистау облусундагы кырсыкты изилдөөдө машыгууларды даярдоо жана пландаштырууда, тобокелдиктерди баалоодо, десант түшүрүүнү уюштурууда жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоодо олуттуу кемчиликтер аныкталган.
Командалык курамдын кылмыштуу кайдыгерлиги фактылары боюнча сотко чейинки тергөө уланууда. Беш кызматтагы адам камакка алынды. Алардын аракеттерине акыркы укуктук баа тергөө аяктагандан кийин берилет.
Ошондой эле аскердик тартип жана алдын алуу иштери жаатында да кемчиликтер табылган. Аскер кызматкерлерине карата уставга сыйбаган мамилелердин жана зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталып, алар боюнча кылмыш иштери козголду.
Эскерте кетсек, Мангистау облусундагы машыгуу учурунда 14 адам каза болгон.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алгачкы кадрдык чечимдер кабыл алынганын баса белгилеп, аскер кызматкерлеринин өлүмүнө күнөөлүү бардык кызмат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди.