Ирандын Ормуз кысыгындагы кемелерге кол салуулар жогорку чекке жетти
Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге жасаган чабуулдарынын саны февраль айынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Reuters кабарлайт.
Иран бул стратегиялык маанилүү деңиз коридорунан өткөн кемелерге каршы жаңы тактиканы колдоно баштаганы белгиленет. Буга байланыштуу чабуулдардын саны жаңжал башталгандан берки максималдуу чекке жетти. Тегеран мунайдын баасын жогору кармап турууну жана ушул өз ыкмалары менен АКШда өтө турган орто мөөнөттүү шайлоолорго таасир этүүнү көздөп жатканы кабарда айтылат.
«Расмий адамдардын айтымында, жаңы стратегияны кабыл алуу чечими Иран жетекчилигинин эң жогорку деңгээлинде кабыл алынып, өлкөнү башкаруунун бардык системасынын алкагында толугу менен макулдашылган», — деп айтылат маалыматта.
Жаңы стратегия кемелерге чабуулдарды тез-тез жасоону, ошондой эле географиясын кысыктын чегинен тышкары кеңейтүүнү карайт. Тегеран өзү белгилеген эрежелерди бузган бир дагы кемени өткөрбөйт. Иран ошондой эле өз ишинин географиясын Ормуз кысыгынан тышкары Оман булуңуна жана адан ары башка суу мейкиндиктерине чейин кеңейтет.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Ирандын радарларынын басымдуу бөлүгү жок кылынгандан кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) потенциалдуу буталарды, анын ичинде АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелерин аныктоо үчүн кайыктардагы куралсыз байкоочуларды колдоно баштаганын ырастады.
Буга чейин АКШ Куралдуу күчтөрүнүн колбашчылыгы Иранды деңизден блокадага алуунун алкагында акыркы 12 жумада 13 коммерциялык кемени жок кылышканын билдирген. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ак үйгө Ормуз кысыгында кеме катнашын калыбына келтирүү жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча план сунуштап, бирок Дональд Трамп бул демилгени четке каккан.