USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Индияда жүргүнчү ташуучу учакты чагылган уруп, тумшугу талкаланды

13:12, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Индияда »Патна — Лакхнау” багыты боюнча каттаматкарып жаткан Индиянын IndiGo авиакомпаниясынын учагынын тумшук бөлүгүнө чагылгантийди. Учкучтар лайнерди аман-эсен кондурушуп, борттогу адамдардын эч кимиси жабыркаган жок деп билдирет Times of India.

Окуя учак Лакхнаудагы Чоудхари Чаран Сингх атындагы эл аралык аэропортуна конууга кирип жатканда болгон.

Чагылгандын соккусу аба кемесинин аба ырайы радарын коргоого арналган тумшук капкагын зыянга учуратканы белгиленет.

1280_6ac6be2bb09c601aa15f0201 (2).jpg

«Окуя IndiGo авиакомпаниясынын Патнадан Лакхнауга аткарылып жаткан каттамдаболду. Төмөндөө учурунда бортту чагылгануруп, тумшук капкагын бузган. Мүчүлүштүктөргө карабастан, учкучтар лайнерди аман-эсен — жадыбалдан сегиз мүнөт эрте кондурушту. 104 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсүнүн эч кимиси жабыркаган жок», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18