Физика боюнча Нобель сыйлыгын окумуштуу Фрэнсис Хальцен алды
16:42, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg
Бельгиялык-америкалык астрофизик Фрэнсис Хальцен нейтрино бөлүкчөсүн изилдегендиги үчүн физика боюнча 2026-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу Нобель комитети билдирди.
Сыйлык «IceCube нейтрино обсерваториясынын ишине чечкиндүү салымы жана астрофизикалык келип чыгышы бар жогорку энергиялуу нейтринолорду ачкандыгы үчүн» ыйгарылды.