Европадагы нааразылык акциялары: БУУ бийликти жаштар менен диалогго чакырды
Албания, Бельгия, Франция, Италия жана Португалиядагы массалык нааразылык акциялары адам укуктары жагынан кооптонууну жаратууда. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк билдирди.
Ал зомбулук аракеттерин айыптады жана бардык катышуучуларды чыңалууну азайтууга, кырдаалдын андан ары курчушуна жол бербөөгө чакырды.
«Алдыга карай эң мыкты жана жалгыз жол — коопсуз шарттардагы инклюзивдүү диалог», — деп баса белгиледи БУУнун башкы укук коргоочусу.
Ал адамдар тынч нааразылык билдирүүгө жана үнүн угузууга укуктуу экенин, ал эми мамлекеттер бул укуктарды ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү экенин эскертти.
Жогорку комиссар нааразылык акцияларын мамлекеттик жана жеке менчикке каршы зомбулук жана вандализм үчүн пайдалангандардын аракеттерин айыптады. Мындай адамдар болгон окуя үчүн жеке жоопкерчилик тартышы керек, — деп белгиледи Фолькер Тюрк.
Ал нааразылыкка чыккандарга, анын ичинде балдарга каршы күчтүн негизсиз жана ашыкча колдонулганы тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди. Укук коргоо органдарынын ар бир аракети мыйзамдуу жана пропорционалдуу болушу керектигин БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары айтты.
«Күчтү мыйзамсыз колдонуу тууралуу ырастоолор боюнча ыкчам, натыйжалуу жана көз карандысыз иликтөөлөр жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы,жабыр тарткандарга натыйжалуу укуктук коргоо каражаттары берилиши керек», — деди ал.
Фолькер Тюрк окуяларды изилдөө жана кырдаалды жумшартуу үчүн бийлик көргөн кадамдарды белгиледи. Ал мамлекеттерди нааразылыкка чыккандарды, өзгөчө жаштарды олуттуу жана конструктивдүү диалогго тартууга чакырды.