USD87.45EUR95.92RUB1.06
24.kg

Египетте эки поезд кагышты: каза болгондор жана жаракат алгандар бар

09:07, 09 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Египетте эки жүргүнчү ташуучу поезд сүзүштү. Алдын ала маалыматтар боюнча, жети адам каза болуп, 110 адам жаракат алды.

Кырсык Каирдин түштүгүндө жайгашкан Эль-Айят шаарына жакын жерде болгон. Гизадан Файюмга бараткан поезд Каирден Асуанга бараткан поезддин куйрук жагын барып сүзгөн, натыйжада бир нече вагон рельстен чыгып кеткен.

850x570.png

«Эль-Айят шаарынын жанындагы поезддердин сүзүшүүсүнөн жабыркагандардын саны 110 адамга жетти, жети жүргүнчү каза болду», — деп билдирди Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18