Эбола тумоосу: Дагы бир өлкөдө вирустун сырттан келген учуру тастыкталды
Нигерияда Бундибуджио вирусунан келип чыккан Эболанын сырттан келген учуру тастыкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, Нигерия вирус табылган бешинчи өлкө болуп калды.
Нигериянын Федералдык саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооруп калган адам жакында Угандада болуп келген аял. Анда симптомдор Нигерияга келгенден төрт күн өткөндөн кийин, 7-октябрда пайда болгон. Ал эми 11-октябрда борбор шаар Абуджадагы жеке менчик медициналык мекемеге кайрылган. Лабораториялык анализ Бундибуджио вирус менен жукканын 20-октябрда тастыктаган. Бейтап изоляцияда жатат жана медициналык жардам алууда. Адистер жугузуунун ыктымалдуу булагын аныктоого жана анын жүрүшкөн багыттары менен мүмкүн болуучу байланыштарынын толук сүрөтүн калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат.
Учурда оорулуу менен байланышта болгон 44 адам аныкталды. Алардын абалына адистер көзөмөл жүргүзүүдө.Жугузуу коркунучуна кабылышы мүмкүн болгон башка адамдарды издөө аракеттери күчөтүлдү. Бейтап кайрылган клиникада алдын алуу жана инфекциялык көзөмөл чаралары күчөтүлдү.
ДСУ жана анын өнөктөштөрү өлкөнүн бийлигине эпидемиологиялык иликтөөлөрдө, байланыштарды көзөмөлдөөдө, инфекциялардын алдын алууда жардам берип жатышат, ошондой эле медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражаттарын кошо алганда, зарыл материалдар менен камсыз кылууда.
ДСУ аймактагы бардык өлкөлөрдү жогорку даярдыкта болууга чакырат, анткени Конго Демократиялык Республикасындагы (КДР) очоктогу кырдаал өзгөрүүнү улантууда. Акыркы жумаларда Кенияда сырттан келген бир учур менен байланышкан тогуз оору учуру катталды.
Уюм өлкөлөр ишенимдүү эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүп, кооптуу сигналдарды тез арада текшерип, мамлекеттик да, жеке менчик да медициналык мекемелерде инфекциялык көзөмөлдү чыңдоого, ошондой эле лабораторияларга шектүү учурларды коопсуз сыноого мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө тийиш экенин баса белгиледи.