USD87.44EUR95.46RUB1.07
24.kg

Дмитрий Бивол Орусияда «Жылдын спортчусу» деп табылды

15:14, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Москва шаарында «Чоң спорттун достору» («Друзья большого спорта») сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, анда дүйнөнүн бириккен чемпиону Дмитрий Бивол калыстар тобунун «Жылдын спортчусу» номинациясындагы жеке сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Орусиянын спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сыйлык бокс боюнча дүйнө чемпиону титулун коргогондугу жана көрүнүктүү спорттук жетишкендиктери үчүн тапшырылды.

Учурда Дмитрий 12-декабрда Екатеринбургда өтүүчү RCC шоусунун башкы беттешине даярдануусун улантып жаткандыктан, аземге өзү катыша алган жок.Дмитрийдин ордуна сыйлыкты атактуу орусиялык мушкер, эки жолку Олимпиада чемпиону Олег Саитов алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18