Кыргызстанда футбол тууралуу «Топ Юнайтед» аттуу алгачкы ата мекендик сериал тартылды. Спорттук драмединин бет ачары 28-ноябрда «Этномедиа» платформасында өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине долбоордун жаратуучулары билдиришти.
Сериал «Кыргызсериал» тарабынан 1.1 Studio кинокомпаниясы жана Кинематография департаменти менен биргеликте тартылган. Тартуу иштери кыргыз тилинде жүргүзүлгөн.

Сюжеттин борборунда — спорттук карьерасын аяктагандан кийин ичкиликке берилип кеткен советтик футболдун мурдагы жылдызы Жеңиш турат. Апасы менен чет өлкөгө кетүүгө камданып жаткан небересин жанында алып калуу үчүн ал өзүнүн футболдук командасы бар экени тууралуу окуяны ойлоп табат.
Бирок алдамчылык күтүүсүздөн чындыкка айланат. Эски досу ага ресоциализация программасынан өтүп жаткан тарбиясы оор беш өспүрүмдү жөнөтөт. Эми Жеңиш балдарды чыныгы командага айлантып гана тим болбостон, өзү да жашоонун маңызын табышы керек.
Жаратуучулардын айтымында, сериал үй-бүлө, достук, чоңоюу жана экинчи мүмкүнчүлүк темаларын козгойт.
«Мен өзүн эч кимге керексиз сезген өспүрүм бул каармандардан өзүн көрүп, жалгыз эмес экенин түшүнүшүн каалайм. Бул сериалдан кийин кимдир бирөө топ алып короого чыкса, кимдир бирөө өз адамдарын таап, аларды үй-бүлөм деп атаса дейм. Бул футбол тууралуу гана окуя эмес», — деди режиссер Илгиз Куватбек.
Машыктыруучу Жеңиштин башкы ролун театр жана кино актеру Руслан Орозакунов аткарган. Жаш футболчулардын ролун жаңыдан тартылып жаткан актерлор ойношкон, алардын көбү чыныгы жашоодо футбол менен машыгышат.
Мындан тышкары, тартуу иштерине белгилүү кыргызстандык футболчулар Мирлан Мурзаев жана Эржан Токотаев катышкан.
Сериалдын расмий бет ачары 28-ноябрда Бишкекте өтөт. Конокторго алгачкы эпизоддор көрсөтүлүп, андан соң режиссер, актерлор жана тартуучу топ менен жолугушуу болот.
Иш-чаранын алкагында «Топ Юнайтед» альбомунун чыгышына арналган рэп-аткаруучулар Estebez жана Bapay'дын музыкалык клибинин бет ачары да өтөт.
Жаратуучулар долбоор футбол сүйүүчүлөрүн гана кызыктырбастан, оор турмуштук кырдаалга кабылган өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, алардын толук кандуу жашоого кайтып келишиндеги спорттун ролун көрсөтөт деп ишенишет.