Конор Макгрегор операциядан кийин машыгууларга кайтканын жарыялады
UFC уюмунун эки салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор тизесине жасалган операциядан кийин машыгууларын кайра баштаганын билдирип, октагонго кайтуу ниети бар экенин айтты.
«Залга толук кандуу кайтып келдим. Бут менен түртүү, оордук көтөрүү көнүгүүлөрүн жасап, тиземе күч келтирип, олуттуу кубат топтоп жатам. Тизем оорчулуктарга даяр, күчүм кайтып келүүдө, организм толук кубаттуулукта иштеп жатат. Машыгуу лагерине даярданып жатам. «Ноториус» кайтып келатат!» — деп жазды Макгрегор.
Эске салсак, 38 жаштагы ирландиялык мушкер акыркы беттешин 11-июлда Лас-Вегаста өткөн UFC 329 турниринде Макс Холлоуэйге каршы өткөргөн. Беттеш биринчи раунд башталгандан 69 секунд өткөндөн кийин америкалык мушкердин пайдасына техникалык нокаут менен аяктаган. Макгрегор секирип туруп бут менен сокку уруу учурунда тизесинен жаракат алып, беттешти уланта албай калган. Август айында ирландиялык мушкерге операция жасалган.