USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

07:45, 23 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекендешибиз 90 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочуну утуп, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын куржунундагы аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи медаль болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында 57 кг чейинки салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18