USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Казакстандагы алгачкы UFC турнири эмки жылы 1-майда өтүшү мүмкүн

07:45, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Казакстандын тарыхындагы алгачкы UFC турнири 2027-жылдын 1-майында Алматы шаарында өтүшү мүмкүн. Болжолдуу датаны жана өткөрүлө турган шаарды «Вестник ММА» Telegram-каналы атады.

«Казакстандагы UFC турнирин 1-майга пландап жатышат, ал Алматыда өтүшү керек», — деп айтылат каналдын билдирүүсүндө.

Казакстанда турнир өткөрүү мүмкүнчүлүгү бир нече айдан бери талкууланып келет. Октябрь айынын аягында UFC президенти Дана Уайт уюм бул маселенин үстүндө иштеп жатканын ырастаган.

Кийинчерээк UFC менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов да тастыктады.

Анын айтымында, министрлик уюмдун өкүлдөрү менен бир нече жумушчу жолугушууларды өткөргөн жана талкуулардын жыйынтыгын ноябрдын аягына чейин жарыялоону пландап жатат.«Ноябрдын аягында Казакстанда UFC турнирин өткөрүү боюнча кандай чечимге келгенибизди кененирээк айтып беребиз. Бардык иштер жасалды, айдын аягында жыйынтыгын жарыялайбыз», — деп билдирди министр.

Эгер маалымат тастыкталса, Казакстан дүйнөдөгү эң ири аралаш мушташ уюмунун расмий турнирин биринчи жолу кабыл алат.

Азырынча UFC тарабынан бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18