USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты: Синдаров менен Гукеш алгачкы беттеште тең чыкты

09:48, 25 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

140 жылдын ичинде алгачкы жолу шахмат таажысы үчүн эң жаш беттеш өтүүдө. Жыйырма жаштагы гроссмейстерлер дүйнө чемпиону наамын талашып жатышат. Женевадагы биринчи партия тең чыгуу менен аяктады, бирок титул үчүн күрөш эми гана башталууда.

Женевада шахмат боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпиону наамы үчүн учурдагы титулдун ээси, индиялык гроссмейстер Доммараджу Гукеш менен өзбекстандык талапкер Жавохир Синдаровдун ортосундагы беттештин биринчи партиясы аяктады.

Атаандаштар испан партиясын ойношту. Эки шахматчы тең татаал оюнда жогорку тактыкты көрсөтүштү, бирок экөөнүн тең артыкчылыкка жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк болгон жок. Биринчи партия 38-жүрүштөн кийин тең чыгуу менен жыйынтыкталды, деп билдирет Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ).

Эске салсак, Гукеш 2024-жылдын декабрында мурунку дүйнө чемпиону, кытайлык Дин Лижэнь менен болгон беттеште жеңип алган титулун коргоодо.

Ал эми Синдаров ушул жылдын март–апрель айларында Кипрде өткөн талапкерлер турниринде бир дагы партияда жеңилбестен жеңүүчү аталган.

Чемпиондук беттештин экинчи партиясы 25-ноябрда Бишкекубактысы боюнча саат 20: 00дө өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18