Ноокат жана Кызыл-Кыядагы жаңы стадиондор эмки жылы пайдаланууга берилет
Ноокат жана Кызыл-Кыядагы жаңы стадиондор 2027-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.
КФСтин башкы катчысы Медербек Сыдыков Ош облусуна иш сапары менен барды. Ал Асылбек Момунов атындагы академиянын, аймактык футбол ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Ноокат жана Кызыл-Кыя шаарларындагы стадиондордун курулушу менен таанышты.
Асылбек Момунов атындагы академия буга чейин AFC Elite Youth Scheme программасынын алкагында эки жылдызчалуу статус алган. КФС жетекчиликти куттуктап, бул статуска татыктуу иш алып баруусуна ийгилик каалады.
Профилдик союздун башчысы ошондой эле учурда курулуш иштери жүрүп жаткан Ноокаттагы жана Кызыл-Кыядагы стадиондорго барып, жергиликтүү администрациянын жана подрядчынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул спорттук курулмаларды 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда, деп такташты КФСтен.