Кыргызстандыктар Таиланддагы күрөш боюнча турнирде 15 медаль жеңип алышты
Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча «Thailand Open» эл аралык турниринде тогуз алтын, беш күмүш жана бир коло медаль багындырышты. Мелдештер 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Таиланддын Сирача шаарында өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирге 14 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышты.
Кыз-келиндер күрөшүндө кыргызстандык балбан кыздар беш алтын жана эки күмүш медаль утушту.
Жеңүүчүлөр:
- Айдеми Асангазиева — 53 килограммга чейинки салмак ченинде;
- Асема Төрөгелдиева — 55 килограммга чейин;
- Акылай Чыныбаева — 65 килограммга чейин;
- Аяна Асмаликова — 68 килограммга чейин;
- Асел Жапарова — 72 килограммга чейин.
Күмүш медалдарды 62 килограммга чейинки салмакта Альбина Самылбекова жана 76 килограммга чейинки категорияда Аяна Асмаликова жеңип алышты.
Кыргызстандын өкүлдөрү дагы сегиз сыйлыкты 20 жашка чейинки курактык категорияда угуусу начар спортчулар арасындагы мелдештерде утуп алышты.
Алтын медалдарды жеңгендер:
- Тариэль Садырбеков — 60 килограммга чейинки салмак ченинде;
- Абдырасул Исмаилов — 63 килограммга чейин;
- Динмухамед Бигельдиев — 67 килограммга чейин;
- Жанбулат Кусейинов — 82 килограммга чейин.
Күмүш байге ээлери: 63 килограммга чейинки салмакта Смадияр Жумакадыров, 77 килограммга чейин — Артур Акопян жана 82 килограммга чейин — Бексултан Сабиралиев. 60 килограммга чейинки категорияда коло медалды Арлен Уланов утту.