ФИФА рейтинги: Кыргызстандын курама командасы бир баскычка көтөрүлдү
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде өз позициясын жакшыртты.
Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасы Вьетнамга барып, ал жакта эки жолдоштук беттеш өткөрдү.
14-ноябрда кыргызстандыктар Кытай Тайбэйин 3:0 эсебинде утуп, бул үчүн 2,56 упай алышты. Бул жыйынтык командага бир позицияга — 104-орундан 103-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.
17-ноябрда Кыргызстандын курама командасы ФИФА рейтингинде жогору турган (98-орун) Вьетнамдын курама командасына каршы ойноду. 2:1 эсебиндеги эрктүү жеңиш Абдукаимовдун командасына 5,30 упай топтоого шарт түздү.
Азыркы учурда Кыргызстандын курама командасында 1207,59 упай бар, бул дагы бир тепкич жогору — 102-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.

ИСПАНИЯ ЛИДЕРЛИГИН САКТАП КАЛДЫ
Испания сап башындагы ордун сактап калган тизмеде Аргентина экинчи, Франция үчүнчү, ал эми Англия төртүнчү орунда турат. Марокко эки тепкичке жогорулап, 5-орунга чыкты.
Кийинки дүйнөлүк рейтинг 16-декабрда жарыяланат.
Рейтингде алдыңкы 10дукка кирген өлкөлөр төмөнкүчө:
- Испания
- Аргентина
- Франция
- Англия
- Марокко
- Португалия
- Бразилия
- Бельгия
- Нидерланды
- Колумбия