БУУ: «Дүйнөдө 3,4 миллиард адам начар турак жай шартында жашайт»
Дүйнөдө 3,4 миллиардка чейин адам канааттандырарлык эмес турак жай шартында жашайт, анын ичинде 1,1 миллиарддан ашыгы — бейрасмий конуштарда жана кедейлер жашаган кварталдарда турушат. Бул тууралуу БУУ билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, эскирип жаткан райондор менен инфраструктура, турак жайга болгон баалардын өсүшү, коммуналдык кызматтардын сапатынын жетишсиздиги жана күчөп жаткан климаттык тобокелчиликтер шаарларга кошумча жүк жаратууда. Ревитализация (кайра жандандыруу) буга чейин курулуш түшкөн аймактарды натыйжалуураак пайдаланууга жардам берет, бирок турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн кепилдиги жана тургундардын укуктарын коргоо болбосо, ал адамдардын өз райондорунан сүрүлүп чыгышына алып келиши мүмкүн.
«Шаардык чөйрөнү жаңылоо келечектүү чечимдердин бири болуп саналат. Урбанизацияланган аймактарга жаңы дем берүү менен биз көбүрөөк турак жай жаратып, инфраструктураны модернизациялай алабыз жана коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүп, шаарларды тышкы таасирлерге кыйла инклюзивдүү жана туруктуу кыла алабыз, ошондой эле мейкиндиктеги жакшыраак байланышты камсыз кылабыз», — деп айтылат БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Бүткүл дүйнөлүк шаарлар күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул күнгө карата турак жай — бул жөн гана баш калкалоочу чатыр эмес экенин эске салды.
Коопсуз жана жеткиликтүү үйлөр калкты ден соолукка коркунуч туудурган нерселерден коргойт, балдардын нормалдуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана кары адамдарга көз карандысыздыкты сактоого жардам берет.
Начар турак жай шарты жана ашыкча жыштык, тескерисинче, ысыктын, сууктун, абанын булганышынын жана башка зыяндуу факторлордун таасири сыяктуу эле өмүр бою ден соолукка зыян келтирет. Сапаттуу турак жай жамааттарга климаттын өзгөрүшүнө көнүүгө жардам берет: ал ашыкча ысыктан жана аба ырайынын бузулушунан коргойт, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана зыяндуу калдыктарды азайтууга көмөктөшөт.