USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн Абу-Дабиде Украина боюнча сүйлөшүүлөр башталат: Учурда эмнелер белгилүү?

10:05, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 10-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда Украинанын айланасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

Пландаштырылган жолугушуунун катышуучулары — Киев, Москва жана Вашингтондун делегациялары Абу-Дабиге келип жатышат.

Буга чейин АКШ, Орусия жана Украина өз өкүлдөрүнүн курамын аныкташкан.

Европалык аткаминерлер да БАЭдеги сүйлөшүүлөргө катышарын билдиришкен. Бирок Кремль муну четке кагып, жолугушуу үч тараптуу форматта өтөрүн баса белгилеген.

АКШ президентинин атайын өкүлү Джаред Кушнер өзү жана Дональд Трамптын дагы бир атайын чабарманы Стив Уиткофф негизги сүйлөшүүлөргө чейин европалыктар менен жолугушууларды өткөрөрүн билдирди. Ал европалыктар менен өтүүчү жолугушууларга «ЕБ, НАТО, Германия, Франция, Улуу Британия жана Италиядан келген өнөктөштөр» катышарын жана консультациялардын максаты — «Европа коопсуздугу жана Украинанын согуштан кийинки келечеги боюнча аракеттерди координациялоо» экенин тактады. Башкача айтканда, үч тараптын негизги жолугушуусу өтө турган залга Евробиримдиктин өкүлдөрү киргизилбейт.

Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавров мурдараак үч тараптуу сүйлөшүүлөр жамааттык коопсуздук принциптерин макулдашууга арналарын айткан. Ошол эле учурда Дональд Трамп жаңжал жакында аяктайт дегенге дагы эле ишенээрин айтып, маселе жөнгө салынгандан кийин Украина «бир аз башкача формада» болорун белгиледи.

RTVI билдиргендей, Абу-Дабиге келген европалык делегацияны Урсула фон дер Ляйендин аппаратынын жетекчиси Бьорн Зайберт жетектей турганы белгилүү болду.

Франциядан Абу-Дабиге Елисей сарайынын дипломатиялык кеңешчиси Эммануэль Бонн, Германиядан — канцлердин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Гюнтер Зауттер, Улуу Британиядан — премьердин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джонатан Пауэлл келет.

Ал эми Reuters агенттиги америкалык чиновникке таянуу менен Стив Уиткофф жана Джаред Кушнер Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусияга барып, Владимир Путин менен жолугушушу мүмкүн экенин кабарлайт. Бул маалыматтын расмий ырасталышы азырынча жок.

Дональд Трамптын күйөө баласы АКШ, РФ жана Украинанын Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрү февраль айынан берки мындай форматтагы биринчи жолугушуу болорун эске салды.

«Биздин максат — эки тарап менен тең өзүнчө консультацияларды өнүктүрүү алкагында согуштан кийинки тынчсызданууларды, сунуштарды жана потенциалдуу чечимдерди түз талкуулоо үчүн Украина менен Орусияны бир жерге чогултуу. Бул талкуулар орток пикирлерди табууга өбөлгө түзүп, практикалык чечимдерди алдыга жылдырат жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабына кадам таштоого түрткү берет деп үмүттөнөбүз», — деп жазды Джаред Кушнер X социалдык тармагында.

Анын пикиринде, жаңжалды узак мөөнөткө жөнгө салуу үчүн Орусия менен ЕБ өлкөлөрүнүн ортосунда түз байланыштар да талап кылынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18