USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жаңы түз инвестициялар фонду түзүлүүдө

09:08, 26 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жаңы түз инвестициялар фонду түзүлүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) кабарлайт.

Борбордук Азия жана Закавказье түз инвестициялар фонду (CACPEF) Кытай инвестициялык корпорациясынын (CIC), Оман инвестициялык башкармалыгынын (OIA), Өзбекстан Республикасынын калыбына келтирүүжана өнүктүрүү фондунун (UFRD), түркиялык OYAK фондунун, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) жана Shenwan Hongyuan Securities Co., Ltd компаниясынын биргелешкен катышуусунда түзүлүүдө.

Долбоор региондун өнөр жайлык өнүгүүсүн колдоо үчүн узак мөөнөттүү капиталды жана тармактык ресурстарды бириктирип, Борбордук Азия менен Закавказьенин келечектүү компанияларына инвестиция салууга багытталганы белгиленген.

«Өнөктөштөрдүн эл аралык инвестициялардагы компетенцияларына, жергиликтүү рынокторду билүүсүнө жана комплекстүү финансылык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен фонд региондогу компанияларга өнөктөштөрдүн тармактык экспертизасына, технологияларына жана рыноктук ресурстарына жетүүгө, региондогу инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүүгө жардам берет», — деп белгилешти ЕӨБдө.

Банктын аналитиктери Борбордук Азия жана Закавказье компаниялары бизнести кеңейтүү жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн узак мөөнөттүү капиталга муктаж экенин кошумчалашты. Кытай, Оман, Өзбекстан жана Түркиядан келген өнөктөштөр менен биргелешкен иш эл аралык инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү биздин регионду билүүбүз менен бириктирүүгө шарт түзөт.

«ЕӨБ үчүн фондду даярдоого катышуу — катышуучу мамлекеттердин экономикасына кошумча ресурстарды тартуунун жана регионалдык компаниялардын өсүшүн колдоонун жолдорунун бири», — деп белгиледи ЕӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Данияр Имангалиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18