USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Бишкекте немис тили күндөрү өтөт

10:16, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 9-ноябрдан 14-ноябрга чейин Немис тили күндөрү өтөт. Майрамдык программанын алкагында борбор калаанын тургундарын жана конокторун концерттер, кино көрсөтүүлөр, интеллектуалдык оюн, маалыматтык жарманке жана музыкалык иш-чаралар күтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, майрам Астанадагы Австрия элчилиги жана Бишкектеги Швейцария элчилиги менен биргеликте даярдалган. Анын максаты — кыргызстандыктарды немис тилинин жана маданиятынын ар түрдүүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле немис тилдүү өлкөлөрдө билим алуу жана жумуш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берүүболуп саналат.

Немис тили күндөрүнүн ачылышы 9-ноябрда саат 19:00дө Токтогул көчөсү, 87 дарегинде жайгашкан «München Pub» жайында өтөт. Конокторду кыргыз музыканты Мээрим Сабатованын коштоосунда немис автору жана аткаруучусу Матце Россинин концерти күтөт.

Программа 10-ноябрда уланат. Саат 18:00дө «Ала-Тоо» кинотеатрында «Францтын окуясы» аттуу австриялык фильм көрсөтүлөт, ал эми саат 20:30да «Pivo.kg» жайында немис тилине арналган интеллектуалдык оюн өтөт.

11-ноябрда саат 18:00дө «Ала-Тоо» кинотеатрында «Салам, Бетти» аттуу швейцариялык фильмдин көрсөтүлүшү болот.

12-ноябрда саат 14:00дө Борбордук Азиядагы DAAD кеңсеси мүмкүнчүлүктөр жарманкесин уюштурат. Келгендер Германия, Австрия жана Швейцарияда билим алуу, окуу жана иштөө келечеги тууралуу маалымат ала алышат. Ушул эле күнү саат 18:00дө «Ала-Тоо» кинотеатрында «Көгүлтүр чек аранын ары жагында» герман фильми көрсөтүлөт.

Иш-чаралар 14-ноябрда Саякбай Каралаев көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан «KinoBar» жайында аяктайт. Саат 15:00дө бул жерде Швейцариядан келген диджейдин чеберчилик сабагы өткөрүлөт, ал эми саат 22:00дө анын катышуусунда дискотека башталат.

Бардык иш-чараларга кирүү акысыз. Алдын ала катталуу талап кылынбайт, бирок орундардын саны чектелүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18