АТЭС саммитинин негизги күнү. Орусия президентти жыйында эмнелерге токтолду?
Бүгүн, 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия-Тынч океан аймагындагы (АТЭС) өлкөлөрдүн саммитинин негизги иш күнү өтүүдө.

Пленардык сессияда Орусиянын президенти сүйлөдү. Владимир Путиндин билдирүүлөрүнүн урунттуу учурлары:
- Орусия Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүгө ниеттенүүдө жана өнөктөштөрдү энергетикалык ресурстар, дан жана жер семирткичтер менен камсыздоого даяр.
- Азия-Тынч океан аймагы — дүйнөлүк экономикалык өсүштүн негизги борборлорунун бири жана Орусия анын бөлүгү бойдон калууда.
- Орусиянын АСЕАН өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 60 пайызга өстү. Божомолдорго ылайык, АТЭС өлкөлөрүнүн экономикасы 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 4,8 пайызга кошумчалайт.
- Москва аймактагы мамлекеттер менен энергетика жана азык-түлүк жеткирүү жаатында кызматташтыкты бекемдөөгө үмүттөнөт.
- Орусия эл аралык кызматташтыкка ачык жана мындан ары да экономикалык потенциалын арттырууга ниеттенет.
- Орусия өзүндө экономикада фундаменталдык реформаларды жүргүзүп жатат.
- Орусия дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын катарына кирет.
- РФтин ИДПсы реалдуу түрдө акыркы үч жылда 10 пайыздан ашык өстү.
- РФ дүйнөгө ачык бойдон калууда, өзүнүн экономикалык потенциалын күчөтүүдө.
Владимир Путин ошондой эле АТЭСтин катышуучуларына жаңы транспорттук коридорлорду, анын ичинде «Түндүк — Түштүк» маршрутун активдүүрөөк пайдаланууну сунуштады.
Ал Орусия АТЭС боюнча өнөктөштөр менен санариптик технологиялар жана жасалма интеллект чөйрөсүндөгү компетенциялары менен суверенитетти жана маалыматтардын сакталышын кепилдеген шарттарда бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.
Эске салсак, форумдун башкы окуясы — лидерлердин саммити — бүгүнгө пландаштырылган. Күтүлгөндөй, ага КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Орусия президенти Владимир Путин, АКШ башчысы Дональд Трамп жана аймактын экономикаларынын башка лидерлери катышат. АТЭС саммитинин алкагында АКШ, РФ жана КНР башчылары ядролук куралдарды көзөмөлдөө боюнча жаңы макулдашууну талкуулашы, ошондой эле Ирандагы согушка жана Түндүк Кореянын айланасындагы кырдаалга токтолушу мүмкүн. Буга чейин украиналык маселе талкууланбай турганы баса белгиленген.